Башкы Жаңылыктар КР БШК Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын …

КР БШК Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт

05-Авг, 2024

 

КР БШК Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт

 

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жана курамына жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

          “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 Мыйзамына ылайык, Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаарлардын статусу берилди.

         Жогоруда аталган шаарлар өз алдынча административдик-аймактык бирдик болгондугуна байланыштуу алардын аймагында жаңы аймактык шайлоо комиссиясын түзүү зарылчылыгы келип чыкты.

          “Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө” КР БШКнын 2024-жылдын 25-июлундагы № 91 токтому менен  Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларынын аймагында  тиешелүүлүгүнө жараша Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиялары түзүлдү.

         «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык: “Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча - райондук жана шаардык шайлоо комиссиялары  түзөт”.

         Жогоруда аталган Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, “аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат”.

         Саясий партиялар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңеш) шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин кѳрсѳтүүчү субьектер болуп саналышат.

         Жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык тѳмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилѳѳ зарыл, алар:

-  Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

 - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

         - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

         Кант жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар 2024-жылдын    12-августунда саат 18:00гө чейин Кант жана Кара-Балта  аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин документтерин  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - КР БШК) тапшырышы керек. 

          Жарандар жана коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына 2024-жылдын 12-августунда саат 18-00гө чейин документтерди тапшырышы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоосу бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКга  берилет.

         Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына берилүүчү документтердин тизмеси:

         - талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жѳнүндѳ арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо боюнча милдеттенмеси  ;

         - паспорттун көчүрмөсү;

         - иштеген, окуган жерин, билимин  көрсөтүү менен ѳмүр баяны тууралуу  маалыматы (кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме);

         - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери;

         - көрсөткѳн субъектин протоколу.

         Көрсөтүүчү субъектер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун  аймагында жашашы керектигин эске алуусу зарыл.

         Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу

         Сурап билүү телефону: (0312) 66-01-16

         Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>