№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди
25 июля 2024
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 22 – сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.
12 216,8 миң сом суммасында бекитилген чыгымдар сметасы шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда каралган мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чараларды ѳзүнѳ камтыйт.
Чыгымдар сметасында тѳмѳндѳгү чыгашалар эсепке алынган:
- 5 428,1 миң сом - шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымдо, комиссияларджы окутуу, байланышты камсыз кылуу, маалымат материалдарын жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды аймактарга жеткирүү ж.б.
- 6 788,7 миң сом – бир округдук шайлоо комиссиясынын жана 81 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн.
Шайлоону камсыз кылуу үчүн бир округдук комиссияга - 12 мүчө, 60 участкалык комиссияга – 1004 адам, автоматтык эсептѳѳчү урналардын - 33 адис, оператору жана техникалык колдоо топторуна 23 адис тартылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 468-р тескемесине ылайык жана айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында автоматташтырылган «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» маалымат системасынын эсептеринин бирдиктүү планын колдонуу менен Сузак №13 бир мандаттуу шайлоо округда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган жарандарды финансылык жактан камсыз кылуу бекитилген сматага ылайык «РСК Банк» ААК жана “Айыл Банк” ААК банк мекемелери аркылуу накталай эмес түрдө ишке ашырыларын белгилѳѳ зарыл.
Ошондой эле, Эсептѳѳ палатасынын аудиторлорунун сунуштарына ылайык, БШКда эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча борборлоштурулган бухгалтерияны түзүү менен шайлоо комиссияларынын финансылык ишин башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
БШК маалымат бөлүмү