Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы №204 Жарлыгына ылайык №13 Сузак шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды
25 июля 2024
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык: “Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт».
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына, жекшембиге дайындалды.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 59-беренесине ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо конституциялык мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылат.
Добуш берүү үчүн 81 шайлоо участогу ачык болот. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине ылайык 123 253 шайлоочуну түзүп, 2021-жылдын ноябрь айында болуп өткөн №13 Сузак шайлоо округунда КР ЖК депутатын шайлоого караганда шайлоочулардын саны 11 743 көбөйдү. Анда шайлоочулардын саны 111 510 түзгөн.
Маалымат иретинде:
Жеке арызынын негизинде, КР БШКнын 2024-жылдын 19-июлундагы токтому менен № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.