Башкы Жаңылыктар КР БШК айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин, ошондой …

КР БШК айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоону жарыялайт

17-Июл, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Майлуу-Суу, Жумгал, Айтматов, Манас, Панфилов, Аламүдүн, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында   жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2024-жылдын 26-июлунда саат 18:00гө чейин тапшырышат.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2024-жылдын 26-июлунда саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими  бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКга токтоосуз ѳткѳрүлүп берилет.

Ошондлой эле Борбордук шайлоо комиссиясы  участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында аймактык шайлоо комиссиялары 2024-жылдын 26-июлунда саат 18.00гө чейин жарандардан жана саясий партиялардын аймактык бөлүмдөрүнөн документтерди кабыл аларын маалымдайт.

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардын аймактык бөлүмдөрү талапкерлердин документтерин 2024-жылдын 26-июлунда саат 18.00гө чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына беришет.

Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине кирүү үчүн жарандар жана коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке 2024-жылдын 26-июлунда саат 18.00гө чейин документтерди тапшырышы керек. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими   бардык талапкерлердин документтери менен бирге АШКга токтоосуз ѳткѳрүлүп берилет.

Шайлоо комиссияларынын резервине киргизүүгѳ берилүүчү документтердин тизмеси:

- талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо боюнча милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин  көрсөтүү  менен ѳмүр баян жѳнүндѳ маалымат (кадрларды эсепке алуу баракчасы же резюме);

- байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номерлери;

- көрсөткѳн  субъекттин протоколу.

Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун  аймагында жашоого тийиш экендигин эске алуусу зарыл.

 

Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу

 

Сурап билүү телефону: (0312) 66-01-16

 

Аймактык шайлоо комиссияларынын байланыш маалыматтары

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>