КР БШК Б.Мариповду Ноокат округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады
08 июля 2024
8-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Марипов Бакытбек Асамидиновичти №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнунда өттү.
2024-жылдын 5-июлунда БШКнын №78 токтому менен №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.
Б.Мариповго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.