Башкы Жаңылыктар №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо …

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери боюнча акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалымат

30-Июн, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун жүрүшү жѳнүндѳ 2024-жылдын 29-июнуна карата абалы боюнча алдын ала маалымат берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 44 талапкер көрсөтүлгѳн, 13 талапкер андан ары катышуудан баш тартты, 3 талапкер каттоодон баш тартты. Шайлоого жалпысынан 28 талапкер катышууда.

Мыйзам нормаларына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн*:

  • талапкердин 150 000 сомдон ашпаган жеке каражаттары;

  • 1 000 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;

  • ар бири 200 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;

  • юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 500 000 сомдон ашпайт;

Ошол эле учурда талапкердин шайлоо фондунан түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 000 000 сомдон ашпоого тийиш.

* Шайлоо фонддору «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

«РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК мекемелеринен «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде алынган банктык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 29-июнуна карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпысынан 27 910 206,8 сом келип түшкөн, анын ичинен кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча (кайрып берүүнү жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эске алуу менен) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

 

 

 

Кайрымдуулуктун түрү

%

Суммасы, сом

Шайлоо фонддоруна/референдум фонддоруна келип түшкѳн акча каражаттары, анын ичинде:

100%

26 251 089

55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары:

16,2%

4 265 250,0

55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары:

0.0%

0,0

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары:

76,8%

20 151 200,0

55224000 - Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары:

0.0%

0,0

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору, анын ичинде:

9,1%

2 378 089,0

 

В разрезе одномандатных избирательных округов:

 

Шайлоо округунун аталышы

Түшкѳнү, сом

%

Чыгымдалганы, сом

%

Бардыгы:

27 910 206,8

100%

25 581 491,34

100%

№5 Ноокат шайлоо округу

9 729 900,0

34,86%

9 179 848,0

35,88%

№29 Свердлов шайлоо округу

7 875 450,0

28,22%

7 460 260,5

29,16%

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу

10 304 856,8

36,92%

8 941 382,8

34,95%

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 25 581 491,3 сом сарпталган (доклорду жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эске алуу менен), алар чыгашалардын төмөнкү түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн:


 

Чыгашанын беренеси

%

Суммасы, сом

Шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдалганы, анын ичинде баары:

100%

23 922 373,5

10000000 – Мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча тѳлѳмдѳр, бардыгы:

0,2%

52 563,8

14511900 – Башка салыктык эмес кирешелер (Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ)

14,6%

3 500 000,0

41000000 – Товарлар үчүн тѳлѳмдѳр, анын ичинде:

5,2%

1 242 261,0

42000000 – Кызматтар үчүн тѳлѳмдѳр, бардыгы:

9,2%

2 194 078,0

42110000 – Кызматтык чыгууларга чыгымдар, бардыгы:

0,1%

17 568,0

42120000 – Коммуналдык кызматтар жана байланыш кызматы, бардыгы:

0,2%

44 000,0

42122000 – Байланыш кызматы, анын ичинде:

0,1%

29 000,0

42131000 – Ижара акысы, анын ичинде:

8,5%

2 039 750,0

42151000 – Башка кызматтар (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызмат кѳрсѳтүүлѳр), анын ичинде:

0,4%

92 760,0

44000000 – Кызматкерлердин эмгегине акы тѳлѳѳ (агитаторлордун, ыйгарым укуктуулардын жана ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, ѳкүлдѳрдүн ж.б. кызматтарына акы тѳлѳѳ), бардыгы:

27,2%

6 496 679,0

46000000 – Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтары, анын ичинде:

40,6%

9 705 402,5

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору, анын ичинде:

7,7%

1 846 007,0

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча кененирээк маалыматты БШКнын расмий сайтынан тапса болот (Талапкерлер жана партиялар маалымат ресурсу/Бир мандаттуу шайлоо округу («№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу»; “№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу»; “№36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо шайлоо округу”)/Шайлоо фонду) шилтемеси боюнча:

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун банк маалыматтарына шилтемелер:

- №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1697/38

 

- №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча:

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1699/38

 

- №36 Ысык-Кѳл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1698/38

КР БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>