Башкы Жаңылыктар Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: …

Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: КР БШК бузуулар боюнча чечимдерди кабыл алды

12-Июн, 2024

2024-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү жана арыздарды карады.

Жыйын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Ноокат ОШК, Ысык-Көл ОШК ​​өкүлдөрү, арыз ээлери жана кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү.

№5 Ноокат шайлоо округу

1. 2024-жылдын 7-июнунда ЫЧКТ WhatsApp номерине А.Набиевадан WhatsApp мессенжери аркылуу Ноокат районунун тургундарынын тобуна үгүттөөчү аудио билдирүү жөнөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкѳн, анда У. Мурзамудин уулу (Ноокат РЭС жетекчиси) шайлоодо №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер С. Толонбаевди колдоону суранган.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу БШК У. Мурзамудин уулун Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 60-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алган. 100 эсептик көрсөткүч (10 000 сом) өлчөмүндө айып салынган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык:

“Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз” экендиги тууралуу БШК эскертет

2. 2024-жылдын 9-июнунда ЫЧКТ WhatsApp номерине А.Набиевадан 2024-жылдын 9-июнунда саат 17:30да үгүт иштери расмий башталганга чейин Жатан айылында №5 Ноокат округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер С. Толонбаевдин баннери илинип тургандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрүнүн бузулгандыгына байланыштуу БШК талапкер С.Толонбаевди Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алган. 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө айып салынган.

3. 2024-жылдын 9-июнунда ЫЧКТ WhatsApp номерине А.Набиевадан Facebook социалдык тармагында Нурдана Бегим аттуу колдонуучунун баракчасына «Мурунку вице-премьер-министр Эмилбек Джусупов мурунку премьер-министр, Азыркы Элчи Мариповдун иниси ЖКга талапкер Марипов Бакыт 370 мин доллар алдап кетти деп УКМКга арыз жазганын айтышууда» деген маалымат жарыяланганы тууралуу кезектеги билдриүүсү келип түшкѳн.

Өз сөзүндө №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун кызыкчылыгын коргогон А.Набиева бул маалыматтын таркатылышын талапкер Б.Мариповдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү катары баалайт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине талапкер Б.Мариповго карата Э. Джусуповдон арыз чындыгында келип түшкөндүгү аныкталды. Мындан тышкары, талапкер Б.Марипов тууралуу маалымат коомчулукка таркап, бир катар интернет басылмаларда жана коомдук тармактарда жарыяланган. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Нурдана Бегимдин аракеттеринен шайлоо мыйзамдарын бузуунун белгилерин таба алган жок. А. Набиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылган.

БШК кызыкдар тараптарга маселелерди сотко чейин эле жөнгө салуу жана чечүү үчүн жетиштүү жолдордун бар экендигин сунуштап, билдирди. Эгерде тигил же бул тарап жарыяланган маалыматты жалган же талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалымат деп эсептесе, анда Фейсбук социалдык тармагында жооп кайтаруу же жарыялоого даттануу үчүн тийиштүү ѳбѳлгѳлѳр бар экендиги белгиленди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет басылмаларында жалган, ишенимсиз, чындыкка дал келбеген маалыматтар таратылган учурда талапкерлер жана алардын өкүлдөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет басылмаларына жарыяланган материалды төгүнгө чыгаруу талабы менен кайрыла алышат. Өз кезегинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар төгүндөөлөрдү жарыялоо же жарыяланган материалга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн акысыз берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү мыйзамсыз үгүт иштерине бөгөт коюу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабы менен укук коргоо органдарына же сотко кайрылууга укуктуу.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу


4. 2024-жылдын 10-июнунда ЫЧКТ “WhatsApp” номерине №36 Ысык-Кѳл округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер М.А Сартамановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Кайыповдон Чолпон-Ата шаарында талапкердин үгүт баннерин илип жатканда укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен талапкердин өкүлдөрүнүн ортосунда суроолор жана түшүнбөстүктөр жаралгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен өз ара аракеттенүү, бири-бирине сый-урмат жана сабырдуулукту көрсөтүү, шайлоочулардын укуктарынын сакталышын жана талапкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан урматталышын камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана КР ЖК депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча укук коргоо органдарынын милдеттерине түшүнүү жана урматтоо менен мамиле кылуу сунушталды.

Жыйында Ысык-Көл облусунун прокурору А.К. Каримовдун ушул маалыматтын негизинде көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматы угулду. БШКда маселени кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынды.

Мыйзамдын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында КР БШК мыйзамда каралган зарыл чараларды көрөт жана алар боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдап турат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>