№29 Свердлов округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу өтөт
12 июня 2024
2024-жылдын 13-июнунан тартып №29 Свердлов округунда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн алкагында КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлөт.
Жолугушуулар Свердлов округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлөт.
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 5 талапкер катталган.
Свердлов округдук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:
13.06.2024-жылы саат 17:00дѳ №32 орто мектеби , Дубосековская кѳч., 39;
14.06.2024жылы саат 17:00дѳ №21 орто мектеби, “Эне-Сай” турак жай конушу;
20.06.2024-жылы саат 17:00дѳ №4 орто мектеби , Огонбаев кѳч., 207;
21.06.2024-жылы саат 17:00дѳ №1 орто мектеби, мкр.Аламедин-1.
2024-жылдын 30-июну - №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.
Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында УТРК каналында дебаттар өткөрүлөт.
БШК шайлоочуларды “Талапкер” https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/okrg_candidate/1697/38 маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууга чакырат.