№5 Ноокат округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу өтөт

12 июня 2024

2024-жылдын 18-июнунан тартып №5 Ноокат округунда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн алкагында КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлөт.

Жолугушуулар Ноокат округдук шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлөт.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 9 талапкер катталган.

Ноокат округдук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин жолугушууларына төмөнкү график боюнча катышууга чакырат:

18.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Н.Исанов айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

18.06.2024-жылы саат 14:00дѳ Көк-Бел айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

19.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Кенеш айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

19.06.2024-жылы саат 14:00дѳ Кыргыз-Ата айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

20.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Т.Зулпуев айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

20.06.2024-жылы саат 14:00дѳ Ноокат ш., Крупская атындагы ОМ;

21.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Гулистан айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

21.06.2024-жылы саат 14:00дѳ Кара-Таш айыл ѳкмѳтүндѳ, Маданият үйү;

22.06.2024-жылы саат 10:00дѳ Мирмахмудов айыл ѳкмѳтүндѳ, Р.Беруни ОМ.

2024-жылдын 30-июну - №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

Талапкерлер тууралуу маалымат берүү максатында УТРКнын “Ош Ынтымак” каналында дебаттар өткөрүлөт.

БШК шайлоочуларды “Талапкер” https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/okrg_candidate/1697/38 маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууга чакырат.