Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутулуп жатат

10 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-июнунда Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунун 60 участкалык шайлоо комиссияларынын 810 мүчөсү үчүн окуу башталды, ал 2024-жылдын 15-июнуна чейин созулат.

Тренингде азыркы шайлоонун өзгөчөлүгү эске алынуу менен шайлоо процессинин негизги аспектилери камтылган.

Бул максаттар үчүн төмөнкү темалар боюнча окуу модулдары иштелип чыккан:

• бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

• участкалык шайлоо комиссиясынын ишинин принциптери жана ыйгарым укуктары;

• Шайлоону ѳткѳрүүдѳ участкалык шайлоо комиссияларынын этап боюнча менен иш-аракеттери;

• Майыптыгы бар жарандар үчүн шайлоо участкасында ыңгайлуу шарттарды түзүү;

• Арыздарды жана даттанууларды кароонун тартиби;

• Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун тартиби.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар бири-бири менен тажрыйба алмашып, суроолорго жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү алышат.