Башкы Жаңылыктар Үч округ боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо …

Үч округ боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

08-Июн, 2024

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №5 Ноокат шайлоо округу, №29 Свердлов шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 29 талапкер, анын ичинде 2 аял каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.

44 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 12 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана үч талапкерди каттоодон баш тартылган, анын ичинен:

№ 5 Ноокат шайлоо округу:

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпысынан 12 талапкер арыз берген, 9 талапкер катталган, анын ичинен 1 аял талапкер, 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

Жалпысынан 12 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 5 талапкер, анын ичинен 1 аял талапкер катталган, 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, эки талапкерди каттоодон баш тартылган.

№ 29 Свердлов округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси

№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу:

Жалпысынан 20 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 15 талапкер катталган, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, бир талапкерди каттоодон баш тартылган.

№ 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси.

Жакынды эле Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин бюллетендеги иретин аныктоо, бекер эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак жана үч округ боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу аземин өткөрдү.

БШК шайлоочуларга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен “Талапкер” маалымат ресурсунан таанышууну сунуштайт.

Бул ресурстан шайлоочу ар бир талапкер тууралуу толук маалыматты, атап айтканда: талапкер тууралуу жалпы маалыматтарды, шайлоо программасы жана шайлоо фондунан түшкөн каражаттардын кыймылы тууралуу биле алат.

2024-жылдын 10-июнунун тартып эң активдүү этап – шайлоо өнөктүгү башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8.00дө аяктайт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>