КР БШК №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү
08 июня 2024
2024-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана аларды өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.
Тренингдин катышуучулары шайлоонун негизги аспекттери жөнүндө маалымдалды.
КР БШКнын мүчөсү К. Маматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди, үгүт материалдарын чыгаруунун, акысыз эфир убактысын жана басылма аянтты берүүнүн жол-жобосун, арыздарды, даттанууларды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө, укук бузууларды жасагандыгы үчүн шайлоо мыйзамдарында каралган юридикалык жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрдү.
Шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы М.Кожокеева шайлоо комиссиялары мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөсүнүн тартибин түшүндүрдү, шайлоо кампаниясын уюштуруу үчүн талапкерлерпайдалана ала турган КР БШКнын расмий сайтындагы төмөнкүдөй негизги маалыматтык ресурстарды көрсөттү:
- «Талапкер» сайты (http://talapker.shailoo.gov.kg/), анда талапкерлер, алардын программалары, шайлоо фонддору жөнүндө толук маалымат камтылган;
- «Тизме» мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/), ал шайлоо участкаларынын өңүтүндө шайлоочулардын актуалдуу тизмеси менен таанышууга мүмкүндүк берет;
- «Шайлоо участкалары жана округдары» геомаалыматтык системасы (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map);
- КРнын маалыматтык шайлоо системасы, ал АСУнун жана кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча келүүнү жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын баяндоого арналган (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home);
- «КР БШКнын ачык маалыматтары» веб ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/), ал шайлоо жана референдумдар боюнча статистиканы камтыйт;
- Даттануулардын жана кайрылуулардын реестри атайын электрондук ресурсу, анда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) берилген даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана соттук актылар менен таанышууга болот (https://shailoo.gov.kg/kg/registry/).
- Шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн экспертиК.Берикбаева шайлоо кампаниясын каржылоо эрежелери, каражаттардын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын ачыктыгы, финансылык отчеттуулукту берүү тартиби жана шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин талапкер бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалымдады.
Тренингдин жүрүшүндө талапкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алды, түшүндүрмөлөрдү алды.
Колдонуудагы шайлоо мыйзамдары бардык талапкерлердин эркин атаандаштыгы үчүн бирдей шарттарды түзөт. Мында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн жана шайлоочулардын катышуусун эсепке алуунун ишенимдүүлүгү кепилденет.
КР БШК талапкерлерди шайлоо эрежелерин сактоого, ак ниеттүү жана мыйзамдуу шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүүгө чакырат.
Шайлоону өткөрүүнүн мыйзамдуулугунун жана шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуунун максатында КР БШКнын жумушчу топтору келип чыккан бардык маселелер боюнча талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө консультацияларды ыкчам тартипте берүүгө даяр.
Шайлоо алдындагы үгүт 2024-жылдын 10-июнунан тартып башталат жана 2024-жылдын 29-июнундагы саат 08:00гө чейин улантылат. Талапкерлердин теледебаттары жана жеке сөз сүйлөөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) эфиринде өтөт.