Башкы Жаңылыктар КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №5 Ноокат …

КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин ортосунда мыйзамдын алкагында шайлоо өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

07-Июн, 2024

Бүгүн – 2024-жылы 7-июнунда Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Кол коюуга КР БШКнын мүчөсү У. Жылкыбаев, талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу  эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга,  Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын нормаларын сактоого;
  • шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;
  • катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды ачык, эл алдында мыйзамдын негизинде чечүүгө;
  •  шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого;
  • башка талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды камтыган басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык тармактарда таркатпоого;
  • социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
  • өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;
  • социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде, жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укуксуз жолдор менен таасир этүү аракеттерди кылбоого;
  • шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө;
  • шайлоо өнөктүгү шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч кырдаалга көмөктөшкөндөй жагдайда шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын чараларын колдоо жана шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын, эркиндигин жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууга багытталган шайлоо мыйзамдарынын толук ишке ашырылышына көмөктөшүү.

 

Меморандум шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө калыс жана талапкерлер менен өз ара аракеттенүүгө ачык болууга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына – административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөгө жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга,  ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын - бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана обьективдүү болууга чакырабыз.

 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ортосундагы Меморандум

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22-Сен, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залыӨткөрүү убактысы:  Саат 10:30         1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кара-Суу, Токтогул, Токмок, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө          Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетинаткаруучу             2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө          Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу     4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө              Баяндамачы: Амангелди кызы Мунара -көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш секторунун башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы     6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы  
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
22-Сен, 2026

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму өттү. Жумушчу топту КР БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жетектейт, курамына КР БШКнын мүчөлөрү - облустар боюнча кураторлор кирет.Отурумда талапкерлер тарабынан берилген документтер каралып, алардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсү талкууланды.Жумушчу топтун ишмердүүлүгү аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиешелүү талаптарга жооп берген, даярдыгы жана кесиптик сапаттары бар талапкерлер менен толуктоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>