№29 Свердлов округунда КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин назарына: Тренингди, чүчүкулакты өткөрүү жана Меморандумга кол коюу убактысы 2024-жылдын 8-июнундагы саат 11ден саат 10го алмаштырылды

07 июня 2024

Свердлов шайлоо округунда талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг, шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак, акысыз эфир убактысын жана басылма аянтты бөлүштүрүү, ошондой эле талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу КР БШКнын имаратынын залында 2024-жылдын 8-июнунда саат 10:00дөн саат 15:00гө чейин өтөт. Катышуучуларды каттоо саат 9:30да башталат.

Талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн окутуу төмөнкүдөй темалар боюнча өтөт:

бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

шайлоо процессинде ачыктык жана ишенимдүүлүк технологиялары;

шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү тартиби;

арыздарды, даттанууларды кароо тартиби, юридикалык жоопкерчилик;

шайлоо кампаниясын каржылоо эрежелери;

бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби.

Маселелер боюнча төмөнкүдөй номерлер боюнча кайрылуу керек: (0312) 66-01-16; 66-01-18.