Башкы Жаңылыктар КР БШК №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл шайлоо …

КР БШК №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү

07-Июн, 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ноокат жана Чолпон-Ата шаарларында 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган

№5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү.

Тренингдерди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү И.Т. Гаипкулов, У.К. Жылкыбаев, К.А. Маматов, ошондой эле аппараттын бөлүм башчылары өткөрүштү.

  • максаты - талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери, юридикалык жоопкерчилик, шайлоо өнөктүгүн каржылоо, шайлоо процессиндеги ачык-айкындуулук жана ишенимдүүлүктү көзөмөлдөө ѳбѳлгѳлѳрү жѳнүндѳ маалымат берүү болуп саналат.

Катышуучуларга КР БШКнын расмий сайтындагы негизги маалыматтык ресурстар көрсөтүлүдү, аларды шайлоо ѳнѳктүгүн уюштуруу үчүн талапкерлер сыяктуу эле ишенимдүү так маалыматтарды алуу үчүн шайлоочулар да пайдалана алышат:

- шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын учурдагы тизмеси менен таанышууга мүмкүндүк берүүчү “Тизме” мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/);

- «Шайлоо участкалары жана округдары» геомаалымат системасы (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map);

- шайлоочулардын катышуусун жана АЭУнун жана кол менен эсептѳѳнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн арналган маалыматтык шайлоо системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home);

- шайлоолор жана референдумдар боюнча статистиканы ѳзүнѳ камтыган “КР БШКнын ачык маалыматтары” веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/).

- атайын электрондук ресурс - Даттануулардын жана кайрылуулардын реестри, бул жерден шайлоо комиссияларына (КР БШКга, ОШКларга, УШКларга) берилген даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышууга болот. (https://shailoo.gov.kg/kg /registry/).

- Талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддору жөнүндө маалыматты КР БШКнын ресурсу – “Талапкер” сайтынан (http://talapker.shailoo.gov.kg/) тапса болот.

Белгилей кетсек, колдонуудагы шайлоо мыйзамдары бардык талапкерлерге эркин атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүп берет. Ошол эле учурда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн жана шайлоочулардын катышуусун эсепке алуунун ишенимдүүлүгү кепилденилет.

Ушуга байланыштуу КР БШК талапкерлерди колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын, үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого чакыруу менен алардан шайлоо процессине жоопкерчиликтүү катышууну күтөт.

Шайлоону ѳткѳрүүдѳ мыйзамдуулукту жана шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топтору бардык пайда болгон маселелер боюнча талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тез арада консультацияларды берүүгө даяр.

Тренингдин жүрүшүндө талапкерлер кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Шайлоо өнөктүгү 2024-жылдын 10-июнунда башталып, 2024-жылдын 29-июнунда саат 08:00гө чейин уланат. Теледебаттарды жана талапкерлердин жекече сүйлөгөн сөздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) көрсөтөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>