Жогорку сот Эмил Абдыкадыровдун 2024-жылдын 6-июнундагы доосун канааттандыруудан баш тартты
06 июня 2024
Жогорку сот Эмил Абдыкадыровдун 2024-жылдын 6-июнундагы доосун канааттандыруудан баш тартты. 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 28-февралындагы чечимдерине, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги аныктамасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Б.К. Чойбековдун кассациялык даттанууларын карап чыгып, токтом кылды:
«Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 28-февралындагы чечими, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылсын, иш боюнча төмөнкүдөй жаңы чечим кабыл алынсын:
КР БШКнын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечимин жараксыз деп таануу жөнүндө, талапкер Б.К. Чойбеков боюнча шайлоону өттү деп таануу жана аны КР ЖК депутаты кылып шайлоо бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 14-декабрындагы №832 токтомун жараксыз деп таанууга жана жокко чыгарууга КР БШКны милдеттендирүү тууралуу Э.М. Абдыкадыровдун административдик доосу канааттандыруусуз калтырылсын.
Токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана даттанууга жатпайт», – деп айтылат Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечиминде. Ошентип, № 21 Талас шайлоо округунда шайлоонун (2021-жыл) натыйжалары жөнүндө КР БШКнын чечими күчүндө калат.