Башкы Жаңылыктар №29 Свердлов шайлоо округунда КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн …

№29 Свердлов шайлоо округунда КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча штабдын жыйналышы өттү

05-Июн, 2024

КР БШК жана Бишкек шаарынын мэриясы Свердлов райондук администрациясы менен бирдикте №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча шаардык штабдын жыйналышын өткөрдү.

Жыйналышка КР БШКнын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.К. Байгончоков, Свердлов райондук администрациясынын башчысы – акими К.М. Айтакунов, Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Б. Конуров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамына ылайык БШК шайлоону жана референдумдарды өткөрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

КР Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы Жарлыгы менен №29 Свердлов шайлоо округунда КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү даярдоо бекитилген календардык план боюнча жүрүп жатат.

Шайлоону уюштуруу үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен 12 мүчөдөн турган Свердлов округдук шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 60 шайлоо участкасында участкалык комиссиялардын 810 мүчөсү иштеп жатат.

Свердлов округунда шайлоочулардын саны 2021-жылдагы шайлоого салыштырганда 19 431 шайлоочуга көбөйгөн, 2021-жылы шайлоочулардын саны – 103 520 болсо, азыркы учурда – алдын ала маалыматтар боюнча 122 951 шайлоочуну түзөт.

Шайлоо жана катышып жаткан талапкерлер жөнүндө жарандарга маалымдоо максатында ар бир шайлоочуга добуш берүү күнү, шайлоо участкасынын номери жана дареги жөнүндө чакыруулар, ошондой эле тиешелүү округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Ошондой эле маселелер келип чыккан учурда кайрылууга боло турган байланыш маалыматы көрсөтүлөт.

Округдук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары өткөрүлөт. Телекөрсөтүүдө дебаттар жана талапкерлердин жеке сөз сүйлөөсү өтөт.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө 12 талапкер билдирди, алардын ичинен 2024-жылдын 4-июнуна карата:

- 3 талапкер – катталды;

- 2 талапкер – шайлоого катышуудан баш тартты;

- эки талапкер боюнча документтердин толук пакети берилбегенине байланыштуу каттоодон баш тартылды.

Бүгүнкү күндө 5 талапкер боюнча мыйзамдардын талаптарына шайкештик жагынан текшерүү улантылып жатат. Бардык талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 10-июнуна чейин аяктайт.

10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.

Бул округда округдук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлгөн ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобунун (ЫАКТ) алкагында шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуунун, комиссиялардын жана Свердлов районунун жана Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери талкууланды.

Атап айтканда, мурдагы шайлоодо бузууларга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдары көргөн чаралардын тажрыйбасына таянып, шайлоодо бузуулардын бардык түрлөрүнө каршы, өзгөчө добуштарды сатып алууга каршы чаралар өз учурунда, толук жана натыйжалуу көрүлүшүнө көңүл бурулду.

Шаардык штабдын жетекчиси вице-мэр М.К. Байгончоков Свердлов округунан КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө комиссияларга толук көмөктөшүүгө мэриянын даярдыгын билдирди, талкууланган милдеттер эске жана аткарууга кабыл алынды деп белгиледи, шаардык кызматтарга шайлоону даярдоого ар тараптан көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле маалыматтык-түшүндүрүү ишин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле участокторду материалдык-техникалык жабдуу, үгүт материалдары жана башкалар үчүн электр, байланыш, транспорт, маалыматтык аянтчалар менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу маселелери боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөт, ошондой эле айрым шайлоо участкалары боюнча курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык ДМЧАлар үчүн пандустарды жеткире иштеп чыгуу боюнча иштер аяктайт, шайлоону даярдоо учурунда башка маселелер келип чыкканда шайлоо комиссияларына толук көмөк көрсөтүлөт деп белгиледи.

Маалымат үчүн: белгилеп кетүү керек, 2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечимин, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын
5-апрелиндеги аныктамасын жокко чыгарды, аларда соттор КР БШКны А.Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанууга милдеттендирген.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>