Башкы Жаңылыктар А.Ш. Муртазалиевдин иши боюнча акыркы чечим чыгарылды – …

А.Ш. Муртазалиевдин иши боюнча акыркы чечим чыгарылды – мандатты сот аркылуу өткөрүп берүү болбойт

04-Июн, 2024

​Бүгүн, 2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечимин, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасын кайра карады. анда соттор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын А.Муртазалиевди Бишкек шаарындагы №29 Свердлов округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп таанууга милдеттендирген.

​Жогорку Соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Ш.К.Атазовдун жогоруда көрсөтүлгөн соттун чечимдерине касациялык даттанууларын ачык соттук отурумда карап, КР АПКнын 261, 263, 265-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

​«Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылсын жана иш боюнча жаңы чечим кабыл алынсын.

​А.Ш Муртазалиевдин арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пунктун мыйзамсыз, анык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ канааттандырылсын. Ш. К. Атазовду№29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таануу жѳнүндѳ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пункту мыйзамсыз деп таанылсын жана жокко чыгарылсын. А.Ш. Муртазалиевдин арызынын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылсын», - деп айтылат Жогорку Соттун чечиминде.

​Ошентип, Жогорку сот А.Ш. Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанууну КР БШКга милдеттендирген Бишкек шаарынын административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын чечимдерин жокко чыгарды.

​2024-жылдын 16-майында Президенттин Жарлыгы менен Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. БШК 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген шайлоого даярдыктарды жүргүзүүдѳ. Округ боюнча 12 талапкер көрсөтүлүп, талапкерлердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>