А.Ш. Муртазалиевдин иши боюнча акыркы чечим чыгарылды – мандатты сот аркылуу өткөрүп берүү болбойт
04 июня 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечимин, Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасын кайра карады. анда соттор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын А.Муртазалиевди Бишкек шаарындагы №29 Свердлов округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп таанууга милдеттендирген.
Жогорку Соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Ш.К.Атазовдун жогоруда көрсөтүлгөн соттун чечимдерине касациялык даттанууларын ачык соттук отурумда карап, КР АПКнын 261, 263, 265-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
«Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылсын жана иш боюнча жаңы чечим кабыл алынсын.
А.Ш Муртазалиевдин арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пунктун мыйзамсыз, анык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ канааттандырылсын. Ш. К. Атазовду№29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таануу жѳнүндѳ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө КР БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пункту мыйзамсыз деп таанылсын жана жокко чыгарылсын. А.Ш. Муртазалиевдин арызынын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылсын», - деп айтылат Жогорку Соттун чечиминде.
Ошентип, Жогорку сот А.Ш. Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанууну КР БШКга милдеттендирген Бишкек шаарынын административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын чечимдерин жокко чыгарды.
2024-жылдын 16-майында Президенттин Жарлыгы менен Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. БШК 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген шайлоого даярдыктарды жүргүзүүдѳ. Округ боюнча 12 талапкер көрсөтүлүп, талапкерлердин мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү иштери жүрүп жатат.