Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды
16 мая 2024
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы Жарлыгына ылайык, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна, жекшембиге дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык: “Тийиштүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бош депутаттык мандат пайда болгондон кийин эки айдын ичинде ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт».
Добуш берүү үчүн 60 шайлоо участогу ачык болот.