Аймактардагы 400 аял жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Санариптик туризм” боюнча тренингден өтүштү

15 мая 2024

КР БШКнын жарандык билим берүү жана санариптик технологиялар борбору санариптик билим берүүнүн алкагында Интернет коомунун Кыргызстандагы филиалы менен биргеликте Кыргызстандын алыскы айыл аймактарындагы аялдар үчүн бир катар тренингдерди аяктады.

Иш-чаралар Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы 17 жерден 400дөн ашык аялдарды камтуу менен аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда ѳттү.

 

Санариптик туризм платформаларын жана социалдык тармактарды колдонуу боюнча билим берүү тренингдери Кыргызстандын айыл жерлеринде ишкердикти жана чакан бизнести чыңдоого багытталган. Катышуучулар санариптик саякат платформаларын колдонуу боюнча билим жана көндүмдөрүн жогорулатып, тренингдин жыйынтыгы боюнча сертификаттарга ээ болушту.

Долбоордун негизги максаты - Кыргызстандын алыскы айыл аймактарындагы аялдардын санариптик туризм платформалары жаатында билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат, бул өз кезегинде алардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Интернет коомунун Кыргызстандагы филиалынын бул долбоору Кыргызстандын айыл аймактарынын экономикалык өнүгүүсүн чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана аялдардын санариптик сабаттуулугун жана ишкердик жөндөмүн жогорулатууга кошкон олуттуу салымын айгинелейт.