Башкы Жаңылыктар Жарандык билим берүү: Ош жана Нарын облустарынын жаштары …

Жарандык билим берүү: Ош жана Нарын облустарынын жаштары үчүн дебат технологиялары боюнча тренингдер

13-Май, 2024

2024-жылдын 6-майынан 10-майына чейин Ош шаарында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББШТ) Эл аралык дебаттык билим берүү ассоциациясы (IDEA CA) менен биргеликте ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосунда Ош облусунун жаштары үчүн «Дебаттар жана талкуу технологияларын өздѳштүрүү» боюнча беш күндүк тренинг окуу ѳткѳрдү.

Дебаттар – катышуучулар белгилүү бир көз карашты колдоо же жокко чыгаруу үчүн аргументтерди келтирген талкуунун бир түрү.

Программага катышуу үчүн Ош облусундагы ар бир Жарандык жана санариптик билим берүү борборунан (CDED) бирден өкүл тандалып алынган. Программанын катышуучулары дебаттар боюнча теориялык билимдерге гана ээ болбостон, талкууларды өткөрүүдө жана өз позицияларын талашууда практикалык көндүмдөрдү да алышты. Далилдерди талдоо, сын кѳз караштан ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана угуучуларды ынандыруу ыкмаларын да өздөштүрдү. Бул көндүмдөр катышуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, натыйжалуу баарлашуу жана таразаланган чечимдерди кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанилүү.

Дебаттар жана дебат технологиялары шайлоо процессинде маанилүү роль ойнойт. Алар саясий маселелерди талкуулоого көмөктөшөт, талапкерлердин позициясын тактап, алардын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтөт. Дебаттар шайлоочуларга талапкерлердин сунуштарын жакшыраак түшүнүүгө жана түшүнүп тандоо жасоого жардам берет. Дебаттар коомдук турмуштун негизги проблемаларын талкуулоого түрткү болуп, коомдук пикирди калыптандырууга жардам берип, аларды демократиялык процесстин ажырагыс бөлүгүнө айландырат.

Тренингдин акыркы күнүндө катышуучулар өткөн материалды бекемдѳѳ үчүн дебаттык мелдеш өткөрүштү. Дебат технологиялары боюнча окуудан өтүшкѳн Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун

Борбордук мамлекеттик билим берүү борборунун жаш өкүлдөрү жарандык жана санариптик окутуу борборлорунун базасында ѳз райондорунун жаштарын окушат. Аймактардагы дебат клубдары жаңы жаш лидерлердин калыптанышына салым кошот.

Жарандык позицияны калыптандыруунун алкагында «Жаштар жана шайлоолор. Келечекке жоопкерчилик» темасында БШК өкүлүнүн лекциясы, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн жана тактыгын далилдеген шайлоо технологияларын колдонуу менен моделдик добуш берүүнү өткөрүү тренингдин практикалык бөлүгү болуп калды.

Мындай тренингдер 2024-жылдын 13-майынан 17-майына чейин Нарын облусунун жаштары үчүн Нарын шаарында өткөрүлөт.

Республикалык дебаттык мелдешке Ош жана Нарын облустарынан келген катышуучулар активдүү катышып, өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алышары пландаштырылууда.

Аймактарда дебаттык клубдардын тармагын түзүү максатында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаштар үчүн мындай дебаттык тренингдер республикабыздын башка аймактарында да өткөрүлүүсү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>