КР БШК ардагерлерди, ооруктун эмгекчилерин жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик  согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктайт

08 мая 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ардагерлерди, ооруктун эмгекчилерин жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктайт.

Каарман ардагерлердин жана ооруктун күжүрмѳн эмгекчилеринин эрдигинин аркасында биз бүгүн бейпил асман астында жашап жатабыз. Муундар алмашат, бирок силердин баатырдык эрдигиңерге, майтарылбас кайратыңарга болгон ыраазычылыгыбыз эч качан кемибейт.

Ата Журтту коргоодо боордош элдер менен ийиндеш туруп, жалпы Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон салымы чоң. Жүз миңдеген мекендештерибиз майданда баатырларча салгылашып, оорукта бел майыштырган кыйынчылыктарды жеңип, Ата Мекен алдындагы милдетин ар-намыс менен аткарып келишкен. Бүгүн биз улуу Жеңиштин натыйжасында жетишилген Тынчтыкты кѳздүн карегиндей сактап, ата-бабалардын эрдигин эстеп, баалай билишибиз керек.
Урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери! Сиздерге ар бир күнү чың ден соолук, урмат-сый жана бакыт каалайбыз.

Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучуларынын эрдиктери жана келечек үчүн талыкпаган эмгеги үчүн таазим этебиз!

БШК өлкөбүзгө тынчтыкты жана прогрессивдүү өнүгүүнү, эл ынтымагын чыңдоону, бардык кыргызстандыктарга бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайт!