Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын өкүлдөрү Индиядагы шайлоого мониторингге катышууда

Кыргызстандын өкүлдөрү Индиядагы шайлоого мониторингге катышууда

08-Май, 2024

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү - төраганын орун басары Н.Ч. Койчукеев, КР БШК мүчѳсү А.Г.Бекматов Индия Республикасынын Лок Сабхага (парламенттин Элдик палатасы) 2024-жылдын 5-майынан 8-майына чейин жалпы шайлоого мониторингге катышууда.

Шайлоо 2024-жылдын 19-апрелинен 1-июнуна чейинки мезгилде жети этап менен өтүп, натыйжалары 2024-жылдын 4-июнунда чыгарылат.

Лок Сабха — Индия Республикасынын парламентинин төмөнкү палатасы, ал 545 депутаттан турат (543 депутат жалпы элдик жана тике добуш берүү аркылуу шайланат, 2 депутат англо-индиялык коомчулуктун ѳкүлдѳрүнүн ичинен Президент тарабынан дайындалат).

Эл палатасында мамлекеттик өкүлчүлүк калктын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Депутаттык курактын чеги 25 жаш. Төмөнкү палатанын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү - беш жыл.

Шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 миллиондон ашык шайлоо участкалары уюштурулуп, аларда өлкө боюнча 15 миллион шайлоо кызматкерлери тартылган. Шайлоого катышуу үчүн 972 миллиондон ашык шайлоочу тизмелергке киргизилген.

Индияда 2024-жылдагы жалпы шайлоонун масштабы болуп көрбөгөндөй чоң болууда.

КР БШК делегациясы Индия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Раджив Кумар менен жолугушту. Жолугушууда Индия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоонун жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши жана шайлоолор тууралуу калкка маалымдоо боюнча кѳрүлгѳн чаралар жөнүндө маалымат берди.

Эл аралык байкоолор программасынын алкагында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү шайлоодо колдонулуучу технологияларды иликтеп жатышат. Айрыкча өзгөчөлүгү – кагаз бюллетендеринин жоктугу. Анын ордуна Индияда атайын электрондук аппараттар кеңири колдонулат. Мындай аппараттар биринчи жолу 2004-жылы колдонулган. 2014-жылы 1,4 миллион мындай аппараттар колдонулса, быйыл 5,5 миллионго жеткен.

Мындай аппараттар Индияда иштелип чыгып, прайдаланууда, ар кандай түрдөгү шайлоолорду өткөрүүдө кайталап пайдаланууга эсептелинген, алар добуш берүү учурунда жана ташууда ишенимдүүлүктүн жогорку даражасы менен мүнөздөлөт, добуш берүүнүн жыйынтыктоочу маалыматтарынын сакталышын камсыз кылып, ошондой эле шайлоочуга, эгерде кааласа, кагаз түрүндѳ добушунун контролдук басып чыгаруусун алууга мүмкүнчүлүк берет. Аппарат ар бир шайлоо округунда атайын бөлүнгөн бөлмөдө ѳткѳрүлүп жаткан бардык добуш берүүлѳрдү бир убакта тез санап чыгууну камсыз кылат.Бир жолу гана добуш берүүгө коомдук кошумча көзөмөл жүргүзүү үчүн шайлоодо добуш берген ар бир индиялыктын манжасына атайын сыя менен белги коюлат, ал бир нече күн бою жууп кетирилбейт.

КР БШК делегациясы шайлоо участкаларында болуп, байкоо жүргүзүүдө, добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, ошондой эле КР БШК өкүлдөрү шайлоочулар жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлери менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ар бир шайлоо участогунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен бирдикте медициналык мекемелердин кызматкерлери иштешүүдѳ, алар өзгөчө кырдаал жаралганда шайлоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш алып барышат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>