КР БШК Б.Эргешовду Ош округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады

07 мая 2024

7-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №7 Ош шайлоо округу боюнча Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.

№ 7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелинде өттү.

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясынын № 47 токтому менен №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Б.Эргешовго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

 

 

Маалымат бөлүмү