КР БШК И. Кубанычбековду Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады

07 мая 2024

7-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.

№ 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелинде өттү.

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясынын № 46 токтому менен № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

И. Кубанычбековго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

 

 

Маалымат бөлүмү