Башкы Жаңылыктар БШК №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР ЖК …

БШК №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын аныктады жана Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти шайланган депутаты деп тааныды

04-Май, 2024

2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.

​Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген.

​№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышты.

​Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 7 арыз жана даттануу түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ – 1, КГОР-7).

​Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

​Борбордук шайлоо комиссиясы КР ИИМнин ТК-нын, Кара-Суу районунун ИИБ-нын, Кара-Суу районунун прокуратурасынын өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги жөнүндө материалдар болгон жок.

​Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматтар менен ушул шилтемелер боюнча таанышса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/.

​Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде 21 023 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 18,77% түздү.

​ Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:

  • Ажимаматов Сталбек Асанович - 2682 голоса (12,76%);
  • Бакир Бакытбек - 533 голосов (2,54%);
  • Эргешов Толкун Турдукулович - 2651 голосов (12,61%);
  • Курбанов Раимжан Рахманович - 1884 голосов (8,96%);
  • Мамазакиров Рустам Умарович - 1112 голосов (5,29%);
  • Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович - 7599 голосов (36,15%);
  • Орунбаев Турдубек Дуйшонович - 3633 голоса (17,28%);
  • «Баарына каршы» позициясына 458 шайлоочу добуш берген (2,18%).

​«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликкее алып, Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>