Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ бузуулар боюнча кабыл алынган чараларды карады.

02-Май, 2024

        

2024-жылдын 27-апрелинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош  шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда  ыкчам чара кѳрүүнүн  координациялык тобунун маалыматы каралды.

            Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин төмөнкү өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Макилов Султан Бейшенбекович, анын орун басары Эшимкан уулу Нурдин,   Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын начальниги Кундузов Болот Акылбекович, анын орун басары Ниязбеков Равиль Керимович, Ош ОИИБнын тергөө кызматынын башчысы Тургуналиев Канат Аскарбекович, анын орун басары Нуралиев Тынчтыкбек Кадырович, Кара-Суу районунун ИИБдин башчысынын орун басары Мусаев Максат Абдыкаимович катышты.

                Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан: Баткен облусунун прокурору Касымбеков Таалайбек Макенович, Кадамжай районунун прокурору Имангазиев Араз Узакович, Баткен районунун  прокурору Курманакунов Нурбек Абдыкадырович, Баткен райондук  прокуратурасынын бөлүм башчысы Бапов Салимбек Сайдакматович, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Кубатидинов Абдирашит Кубатидинович, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Насипов Канат Жумалиевич, Ош облусунун прокурорунун орун басары Сегизбаев Адмаз Ташмаматович, Кара-Суу районунун прокурору Урдалетова Эркингүл Бурганаковна, Кара-Суу районунун прокурорунун орун басары Чыбышев Сыргак Токтобекович катышты.

                Округдук шайлоо комиссияларынан: Баткен ОШКнын төрагасы Айтпаев Бахабидин Ташболтович, Ош   ОШКнын төрагасы Бердибекова Кулипа, Кара-Суу ОШКнын төрагасы Кимсанов Каныбек Кимсанович келишкен.

         Үч округда шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарын бузуулардын саны жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Эшимкан уулу Нурдиндин маалыматы угулду.

           198 шайлоо участкасында  коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 800дөн ашык милиция кызматкерлери тартылганы белгиленди.

                27-апрелге карата шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 19 материал катталган:

         - №2 Баткен шайлоо округу боюнча 5 билдирүү;

         - №7 Ош шайлоо округу боюнча 10 билдирүү;

         - №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 4 билдирүү;

         Келип түшкөн материалдардын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлдү. Бир факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

         № 2 Баткен шайлоо округу;

         Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.К. Ниязбеков 3 материал боюнча процессуалдык чечим кабыл алынганын, Баткен ОИИБ ​​тарабынан 2 материал протоколго алынып, алар боюнча да  чечим  кабыл алынганын билдирди.

         Баткен облусунун прокурору Т.М.Касымбековдун маалыматы угулду. Прокуратура тергөө органдары тарабынан кабыл алынган бардык 5 чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилип, шайлоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча да көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирди.

         Баткен ОШКнын төрагасы Б.Т Айтбаев депутаттыкка талапкер З.Ы. Кожоновго 2024-жылдын 27-апрелиндеги № 4 токтому менен “шайлоо үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн” КР Укук бузуулар кодексинин  65-беренесине  ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып салынганын билдирди.

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Г.  Ойтемиров боюнча  Баткен ОШКнын 2024-жылдын 27-апрелиндеги №5 токтому менен Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн материалдары эске алган.

 

         № 9 Кара-Суу шайлоо округу:

         Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А. Мусаев округда  мыйзам бузуулар боюнча 4 материал катталганын билдирди.

         Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бардык  4 билдирүү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. 3 материал Кара-Суу ОШКынын  кароосуна  жөнөтүлгѳн.

         Кара-Суу районунун прокурору Э.Б. Урдалетова прокуратура тарабынан 1 материалдын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилгенин билдирди. Калган материалдар боюнча тергѳѳ аракеттерине кѳзѳмѳл  жүргүзүлүүдө.

 

                № 7 Ош шайлоо округу:

         Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы К.А. Тургуналиев №7 Ош шайлоо округундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди. Мыйзам бузуулар боюнча 14 материал катталган:

11 материалдын негизинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Анын ичинен 2 материал Ош ОШКнын кароосуна жана тиешелүү чара көрүү үчүн жиберилген. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер М.Маматкуловду каттоону жокко чыгарган. Калган  3 материал боюнча текшерүү жүрүп жатат.

       Ош шаарынын прокурорунун орун басары А.К. Кубатидинов   Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кабыл алынган 14 чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокуратура тарабынан текшерилип, анын 10 чечими прокуратура тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылгандыгын билдирди. Прокуратура өзү 1 мыйзам бузуу фактысын каттаган – бул журналист Ыдырыс Исаковдун талапкер Б.Эргешов боюнча материалы. Бул материал КР Борбордук шайлоо комиссиясында каралган. Прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Ошону менен бирге Ош шаарынын мэриясынын жана анын муниципалдык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилигине прокурордук чара көрүү актысы түзүлдү.

                Мыйзамдын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо максатында БШК ЫЧКТ мыйзамда каралган жоопкерчиликтин зарыл чараларын кѳрүп, кабыл алынган  чаралар жөнүндө маалымдайт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>