Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ бузуулар боюнча кабыл алынган чараларды карады

01-Май, 2024

2024-жылдын 27-апрелинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун маалыматы каралды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин төмөнкү өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Макилов Султан Бейшенбекович, анын орун басары Эшимкан уулу Нурдин, Баткен областынын ички иштер башкармалыгынын начальниги Кундузов Болот Акылбекович, анын орун басары Ниязбеков Равиль Керимович, Ош ОИИБнын тергөө кызматынын башчысы Тургуналиев Канат Аскарбекович, анын орун басары Нуралиев Тынчтыкбек Кадырович, Кара-Суу районунун ИИБдин башчысынын орун басары Мусаев Максат Абдыкаимович катышты.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан: Баткен облусунун прокурору Касымбеков Таалайбек Макенович, Кадамжай районунун прокурору Имангазиев Араз Узакович, Баткен районунун прокурору Курманакунов Нурбек Абдыкадырович, Баткен райондук прокуратурасынын бөлүм башчысы Бапов Салимбек Сайдакматович, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Кубатидинов Абдирашит Кубатидинович, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Насипов Канат Жумалиевич, Ош облусунун прокурорунун орун басары Сегизбаев Адмаз Ташмаматович, Кара-Суу районунун прокурору Урдалетова Эркингүл Бурганаковна, Кара-Суу районунун прокурорунун орун басары Чыбышев Сыргак Токтобекович катышты.

Округдук шайлоо комиссияларынан: Баткен ОШКнын төрагасы Айтпаев Бахабидин Ташболтович, Ош ОШКнын төрагасы Бердибекова Кулипа, Кара-Суу ОШКнын төрагасы Кимсанов Каныбек Кимсанович келишкен.

Үч округда шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарын бузуулардын саны жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Эшимкан уулу Нурдиндин маалыматы угулду.

198 шайлоо участкасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 800дөн ашык милиция кызматкерлери тартылганы белгиленди.

27-апрелге карата шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 19 материал катталган:

- №2 Баткен шайлоо округу боюнча 5 билдирүү;

- №7 Ош шайлоо округу боюнча 10 билдирүү;

- №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 4 билдирүү;

Келип түшкөн материалдардын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлдү. Бир факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

№ 2 Баткен шайлоо округу;

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.К. Ниязбеков 3 материал боюнча процессуалдык чечим кабыл алынганын, Баткен ОИИБ ​​тарабынан 2 материал протоколго алынып, алар боюнча да чечим кабыл алынганын билдирди.

Баткен облусунун прокурору Т.М.Касымбековдун маалыматы угулду. Прокуратура тергөө органдары тарабынан кабыл алынган бардык 5 чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилип, шайлоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча да көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирди.

Баткен ОШКнын төрагасы Б.Т Айтбаев депутаттыкка талапкер З.Ы. Кожоновго 2024-жылдын 27-апрелиндеги № 4 токтому менен “шайлоо үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн” КР Укук бузуулар кодексинин 65-беренесине ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып салынганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Г. Ойтемиров боюнча Баткен ОШКнын 2024-жылдын 27-апрелиндеги №5 токтому менен Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн материалдары эске алган.

 

№ 9 Кара-Суу шайлоо округу:

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А. Мусаев округда мыйзам бузуулар боюнча 4 материал катталганын билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бардык 4 билдирүү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылган. 3 материал Кара-Суу ОШКынын кароосуна жөнөтүлгѳн.

Кара-Суу районунун прокурору Э.Б. Урдалетова прокуратура тарабынан 1 материалдын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилгенин билдирди. Калган материалдар боюнча тергѳѳ аракеттерине кѳзѳмѳл жүргүзүлүүдө.

 

№ 7 Ош шайлоо округу:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы К.А. Тургуналиев №7 Ош шайлоо округундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди. Мыйзам бузуулар боюнча 14 материал катталган:

11 материалдын негизинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Анын ичинен 2 материал Ош ОШКнын кароосуна жана тиешелүү чара көрүү үчүн жиберилген. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер М.Маматкуловду каттоону жокко чыгарган. Калган 3 материал боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Ош шаарынын прокурорунун орун басары А.К. Кубатидинов Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кабыл алынган 14 чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокуратура тарабынан текшерилип, анын 10 чечими прокуратура тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылгандыгын билдирди. Прокуратура өзү 1 мыйзам бузуу фактысын каттаган – бул журналист Ыдырыс Исаковдун талапкер Б.Эргешов боюнча материалы. Бул материал КР Борбордук шайлоо комиссиясында каралган. Прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Ошону менен бирге Ош шаарынын мэриясынын жана анын муниципалдык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилигине прокурордук чара көрүү актысы түзүлдү.

Мыйзамдын талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо максатында БШК ЫЧКТ мыйзамда каралган жоопкерчиликтин зарыл чараларын кѳрүп, кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>