Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

30-Апр, 2024

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №109 Жарлыгы менен №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалды. 

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. 

            №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

            18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

            №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

            Добуш берүү күнүнө чейин 53 календарлык күн калганда б.а. 2024-жылдын                           8-майына чейин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл                  бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот. 

            Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда б.а.                       2024-жылдын 14-майына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:

  • 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында;
  • шайлоо участогунда;
  • «119» номерине өзүңүздүн ПИН – паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СМС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз). 

            Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2024-жылдын 14-майынан 19-июнуна чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

            Идентификациядан өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот. 

            2024-жылдын 14-майынан 19-июнуна чейин (кошуп алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта дагы арыз менен кайрылууга укуктуу.

            Арызды электрондук форматта, «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына, белгиленген тартипте авторлошуудан ѳтүү аркылуу берсе да болот.

            Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз. 

Урматтуу талапкерлер, саясий партияларынын өкүлдөрү!

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:

шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон,

шайлоого укугу бар,

жогорку кесиптик билими бар,

Кыргыз Республикасынын жараны

Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. 

            «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда б.а. 2024-жылдын 30-майында (кошуп алганда) аяктайт.

            Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

            Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет. 

            Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. 

            Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында тадапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жогорку кесиптик билиминин болушу (ББжИМ) ж.б.).

            Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2024-жылдын 10-июнуна чейин аяктайт.

            Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! 

            Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.

            Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын БШКга жазуу жүзүндөгү арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

            Берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2024-жылдын 12-майына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

            Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

            Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2024-жылдын 10-июнунда башталат жана 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.

            Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу. 

            Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

            КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.             

            КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана, өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! 

            Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары! 

            Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

            КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.

Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары:

КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.

Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.

БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

  • 1255 – кыска номери;
  • 0990-04-12-55; 0707-01-12-55 WhatsApp номерлери;
  • 0312 62-62-46 – ишеним телефону;
  • kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек.
  • 0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23-Сен, 2026

КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди

Бүгүн, 23-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жоболор бекитилди.Жобого ылайык колдорду чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен жүргүзүлөт.“Түндүк” порталы аркылуу шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталып, ал тандалган талапкерди колдоосун билдире алат. Колдоо катталгандан кийин тиешелүү маалыматтар, ошондой эле колдоону билдирген күн жана убакыт маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.Электрондук форматка өтүү колдорду чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.Мындан тышкары, талапкерлер үчүн чогултулган колдордун саны тууралуу маалыматтарды ыкчам алуу жана кол чогултуу процессинин ачыктыгын камсыз кылууга шарт түзөт.Шайлоочулардын колдорун чогултуу жол-жобосун электрондук форматка өткөрүү – шайлоо процессинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле шайлоочулардын колдорун чогултуунун, каттоонун, эсепке алуунун жана кол коюу барактарын түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөөгө мүмкүндүк берет. 
Кененирээк билүү >>
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23-Сен, 2026

Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 23-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” жобону бекитти. Жобонун негизги максаты - добуш берүү күнү өзгөчө шарттарда турган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуу.Аталган жобого ылайык, шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айрым категориядагы шайлоочулар тууралуу маалыматтарды тактоо, аларга маалымат берүү жана шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштерин уюштурат. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан айрым категориялардагы жарандардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды тиешелүү мекемелер милдеттүү түрдө жылына эки жолу (1-февралына жана 1-августуна) бекитилген формаларга ылайык берүү белгиленет. Редакциялык-техникалык каталарды жоюу жана укуктук жөнгө салуунун мазмунун өзгөртпөстөн айрым сөздөрдү тактоо максатында өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде «ЖӨБО» деген кыскартылган текст боюнча «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген толук түшүнүк менен берилет. Ошондой эле «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам» термини «майыптыгы бар адам» деген түшүнүккө алмаштырылат.     
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти
23-Сен, 2026

КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору бекитилди.Жободо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын жана талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу, шайлоо фондунун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төгүү боюнча иш-аракеттеринин тартиби аныкталат.Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугунун тартиби жөнгө салынат. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Кара-Суу, Токтогул, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.        Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Асанов Бахтияр Пазыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошев Майсалбек Дуйшобаевичке өткөрүлүп берилди;        Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңешинин депутаты Нишанова Лолахан Эргашовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Расулахунов Ойбек Мамытахуновичке өткөрүлүп берилди;        Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаттары Балпыков Дайыр Жолдошбековичтин жана Аманкулов Талгат Нурдиновичтин  ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Исаков Жетиген Жакышовичке жана Бучуков Уланбек Кедеевичке өткөрүлүп берилди;          Кайыңды шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сердюк Ирина Анатольевнага (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди; Панфилов районунун Курама айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бейшенкулова Наргиза Сапарбековнага өткөрүлүп берилди;    Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Турдуев Жаныбек Абдраевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Токтосунова Гүлжан Бектургановнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>