Башкы Жаңылыктар БШК үч шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын …

БШК үч шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жана аны аныктоонун тартиби менен мөөнөттөрүн түшүндүрөт

28-Апр, 2024

Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу (УШК – ОШК)

1. Мыйзамга ылайык, Автоматтык эсептөөчү урналардан алынган добуштардын жыйынтыгы алдын ала алынган маалымат болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча тиешелүү шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин маселе жаралса 3 күндүн аралыгында округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.

2. Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен округдун аймагында жалпылаштырылган таблицаны түзүшөт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.

Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө чечимдери округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин, 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга болот.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо (БШК):

3. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдук маалыматтарынын негизинде добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 12-майына чейин) округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт, б.а. округдан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын аныктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы тараптар үч күндүн ичинде сотко даттана алат.

Добуш берүүнүн натыйжалары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алууда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) кароого жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү.

Талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерге арыз (даттануу) менен кайрыла алышат.

Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген билдирүүлөрдү, мыйзам бузуулар жөнүндө арыздарды иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карайт. Кароонун жыйынтыгы боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечим кабыл алынат.

Маалымат үчүн:

Округдук шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга укуктуу:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүүдө, добуштарды эсептөөдө, добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоодо добуш берүүнүн натыйжаларын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар болсо;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүүдө, добуштарды эсептөөдө, добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоодо шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар катталса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча;

5) эгерде урналардагы шайлоо бюллетендери жараксыз деп табылса.

Эгерде шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса, калган шайлоо участкаларындагы добуштардын көрсөткүчү менен шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын кандай учурда жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн түзгөн шайлоо участкаларынын бир бөлүгүндө добуш берүүнүн натыйжалары жараксыз деп табылса;

2) эгерде жараксыз деп табылган добуштардын үчтөн биринен көбү талапкерге тийиштүү болсо;

Эгерде шайлоону даярдоодо, добуш берүүнү өткөрүүдө, добуштарды эсептөөдө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен талапкер, саясий партия тарабынан мыйзам бузуулар болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга укуктуу.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>