Башкы Жаңылыктар Нарын шаарындагы жаш жарандын мектеби

Нарын шаарындагы жаш жарандын мектеби

27-Апр, 2024

2024-жылдын 25-27-апрелинде Нарын шаарында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) IFES менен биргеликте жарандык билим берүүнүн алкагында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жаштары: студенттер, жарандык активисттер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн

мамлекеттик бийликтин жана шайлоо процесстеринин негиздери боюнча үч күндүк тренинг өткөрүштү.

Үч күндүк “Жаш жаран мектеби” программасы жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу жана бүгүнкү жана эртеңки саясатты түзүүдө өз пикирин айтуусу эмне үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Жаш муундун муктаждыктарын эске алган туруктуу жана тынч коомду куруу үчүн жаштардын шайлоолорго инклюзивдүү катышуусу абдан маанилүү.

Республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө Кыргызстандагы жаш шайлоочулардын үлүшү (18-35 жаштан) 43,57% түзөт, бул 1735417 адам, ошондуктан шайлоого жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу маанилүү. Шайлоого катышуу жана добуш берүү аркылуу жаштар мамлекеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизип, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул иш-чарада катышуучулар аялдардын саясатка катышуусун арттырууга багытталган атайын чаралар менен тааныштырылды. Тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгүнө жана жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусуна шарттарды түзүүнүн алкагында айылдык кеңештерде мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча атайын мыйзамдык чаралар көрүлгөн. Бул чара жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүн 9 пайыздан 38 пайызга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

Ошондой эле жаштарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтылды. Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн инклюзивдик чөйрөнү камсыз кылуу, анын ичинде өлкөнүн саясий турмушуна бирдей жана инклюзивдүү катышууну камсыз кылуу көз карашынан алганда өтө маанилүү. КР БШКнын негизги багыты алмаштыруучу ыкмадан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын добуш берүү жайларында шайлоого түздөн-түз катышуусуна жана бардык жарандар сыяктуу эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар бирдей укуктарга ээ болушуна өтүү болуп саналат. Күчтүү коом анын бардык мүчөлөрүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды камтымайынча мүмкүн эмес. Демократиялык коомдо ар бир адамдын үнүн угушу абдан маанилүү.

Катышуучуларга мамлекеттик башкаруу системасы, адам жана жарандык укуктар жөнүндө билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши көрсөтүлдү жана добуш берүү күнүнүн жол-жобосун моделдештирүү жүргүзүлдү.

Жаш жаран мектебинин катышуучулары Нарын шаарынын мэриясына, аймактык шайлоо комиссиясына, Нарын шаарындагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлоруна барып, алардын иштери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жаштар Нарын районунун акиминин орун басары Э.Б.Жанболотова жана Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы

Н. Кайыпов менен жолугушуп, балдар өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>