2024-жылдын 28-апрелине дайындалган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин дебаттарына катышуу эрежелери
23 апреля 2024
2024-жылдын 17-апрелинен тартып 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катталган талапкерлердин ортосунда дебаттар башталды.
КР БШК талкууларды жана үгүт иш-чараларын өткөрүүдө мыйзамдарда эрежелер каралганын эске салат.
Дебаттар шайлоочулардын эркин билдирүүсүн калыптандыруу үчүн жарандарга талапкерлер, алардын программалары, талапкерлердин сапаттары, башкарууга даярдыгы ж.б. жөнүндө маалымат берүүнүн негизги формаларынын бирин түзөт.
Алсак, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иштери шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат”.
Конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, “акысыз бөлүнгөн эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дебаттарды жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлерге, саясий партияларга акысыз эфир убактысындагы бул үлүшүн пайдаланууга бирдей негиздерде жол берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга) катталган талапкерлер, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.”.
28-берененин 6-бѳлүгүндѳ Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга:
- талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
- кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтарды терс комментарийлер менен таратууга;
- талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга укугу жок экендиги белгиленген.