Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу үгүт жүргүзүү этабы: телекѳрсѳтүүдѳ теледебаттар жүрүп жатат

22 апреля 2024

2024-жылдын 17-апрелинен 26-апрелине чейин “Ош УТРК” жана “Баткен УТРК” телеканалдарында үч округда Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин дебаттары өтүүдө.

2024-жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин саат 21:30га чейин “Ош УТРК” каналында №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин теледебаттары болуп өттү. Дебат түз эфирде көрсөтүлдү.

2024-жылдын 5-апрелинде КР БШК тарабынан Ош УТРК каналындагы теледебаттарга катышуу үчүн талапкерлерге чүчүкулак тартуу өткөрүлгѳн.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 7 талапкер катышууда.

 

№9 Кара-Суу шайлоо округуна депутаттыкка талапкерлердин дебаттарын “Ош УТРК” каналынан ушул жерден көрө аласыздар: теледебаттар 17.04.2024; Теледебат 18.04.2024:

Бүгүн, 2024-жылдын 22-апрелинде саат 21:30да “Ош УТРК” каналында №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринчи тобунун теледебаты болот. Дебат түз эфирде 2024-жылдын 22-апрелинен 25-апрелине чейин созулат.

2024-жылдын 5-апрелинде КР БШК тарабынан “Ош УТРК” каналындагы теледебаттарга катышуу үчүн талапкерлерге чүчүкулак тартуу өткөрүлгѳн.

№7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 13 талапкер катышууда.

Андан ары 2024-жылдын 24-апрелинен тартып саат 21:00дөн баштап “Баткен УТРК” каналында №2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринчи тобунун теледебаты болот. Дебат түз эфирде 2024-жылдын 24-апрелинен 26-апрелине чейин созулат.

2024-жылдын 6-апрелинде КР БШК тарабынан “Баткен УТРК” каналындагы теледебаттарга катышуу үчүн талапкерлер үчүн чүчүкулак өткөрүлгѳн.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 10 талапкер катышууда.

 

 

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча теледебаттардын графиги:

 

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАМИЛИЯСЫ АТЫ-ЖӨНҮ

2024-жылдын 17-апрели

21:30

Курбанов Раимжан Рахманович

Мамазакиров Рустам Умарович

Эргешов Толкун Турдукулович

Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович

 

2024-жылдын 18-апрели

21:30

Орунбаев Турдубек Дуйшонович

Бадалов Ганишер Абдуллаевич

Джунусов Амирбек Абдалинович

Бакир Бакытбек

 

2024-жылдын 19-апрели

21:30

Давлянов Дамирбек Тайырбекович

Ажимаматов Сталбек Асанович

Маматов Руслан Номанович

 

 

№7 Ош шайлоо округу боюнча теледебаттардын графиги:

 

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАМИЛИЯСЫ АТЫ-ЖӨНҮ

2024-жылдын 22-апрели

21:30

Танабаев Нурлан Исамидинович

Лилиенталь Юлия Викторовна

Эргешов Ильичбек Салыевич

Эргешов Бекмурза Аскарбаевич

2024-жылдын 23-апрели

21:30

Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович

Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич

Арзибаев Бекболот Өскөнбаевич

Абдугапаров Авазбек Абибулаевич

2024-жылдын 24-апрели

21:30

Бакир уулу Турсунбай

Балтабаев Абдивали Жакыпович

Маматкулов Максатбек Борубаевич

Караев Эмиль Жаныбекович

Мамаев Абдилазиз Абдырахманович

 

№2 Баткен шайлоо округу боюнча теледебаттардын графиги:

 

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАМИЛИЯСЫ АТЫ-ЖӨНҮ

2024-жылдын 24-апрели

21:00

Калпаев Бактыяр Алиевич

Ойтемиров Махмуд Гиесович

Нишанбаев Тургунбай

Мадалиев Асылбек Алтымышович

2024-жылдын 25-апрели

21:00

Шадыманов Бакытбек Адылбекович

Сатаров Акимали Сатыбалдыевич

Салихов Кенеш Каримович

 

2024-жылдын 26-апрели

21:00

Раимкулов Аширбай Омурзакович

Каработоев Джалил Исакович

Кожонов Замирбек Ырысбаевич