2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү

22 апреля 2024

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарынын негизинде Негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын алкагында түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Тизме” шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылды шилтеме - tizme.gov.kg.

Биротоло тизмелерде шайлоочулардын жалпы саны 349 798 болуп түзүлдү, анын ичинен:

№2 Баткен шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 379, эркектер 56 541, аялдар 55 838 же 50,31% жана 49,69%.

№7 Ош шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 386, эркектер 58 664, аялдар 66 722 же 46,79% жана 53,21%.

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 033, эркектер 54 436, аялдар 57 597 же 48,59% жана 51,41%.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 23-апрелинде баардык 198 шайлоо участкаларына илинет.

Урматтуу шайлоочулар!

Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).