Башкы Жаңылыктар Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо графикке ылайык …

Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо графикке ылайык өтүүдө: добуш берүүгө 10 күн калганда бузуулар жана даттануулар болгон жок

18-Апр, 2024

Бүгүн, 18-апрелде КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жүрүшү боюнча ЫЧКТ жана даттанууларды жана үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин кароо боюнча Жумушчу топтун маалыматы угулду.

ЫЧКТнын жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын жана Календардык пландын талаптарын жетекчиликке алып, үч шайлоо округу боюнча ЫЧКТнын курамы бекитилди, ал шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мониторинг жүргүзөт жана ыкчам чара көрөт.

Бүгүнкү күнгө чейин ЫЧКТга эч кандай арыз, билдирүү жана мыйзам бузуулар жѳнүндѳ маалымат түшкөн эмес. Округдардагы абал комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын туруктуу көзөмөлүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо, маалыматтык маселелерди жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси, БШКмүчөсү У.Жылкыбаев азыркы этапта мөөнөтүнөн мурда шайлоонун азыркы этабында талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан үгүт эрежелерин бузуулар катталбагандыгын билдирди. Белгиленгендей, шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тастыкталбаган бир сигнал келип түшкөндүгү белгиленди. Бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жумушчу топ үгүт эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда.

Азыркы учурда шайлоо процессинин эң активдүү этабы - шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат, ал 2024-жылдын 27-апрелинин саат 8.00гө чейин созулат.

2024-жылдын 15-апрелинен бери округдардагы шайлоо комиссиялары талапкерлердин шайлоочулар менен биргелешкен жолугушууларын өткөрүүдө. Жолугушууларда талапкерлер шайлоочуларды шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырып, жарандардын суроолоруна жооп беришет. Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө райондордун өнүгүүсүнүн социалдык, экономикалык жана экологиялык жагдайларын камтыган кеңири чөйрөдөгү маселелер талкууланууда.

Талапкерлерди шайлоочуларга маалымдоо максатында «Ош УТРК» жана «Баткен УТРК» телеканалдарында дебаттар өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күндѳ бир мандаттуу үч округ боюнча шайлоого 33 талапкер: Баткен районунан 10 талапкер, Кара-Суу районунан 9 талапкер, Ош районунан 14 талапкер катышууда.

Буга чейин бардык талапкерлер шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү боюнча Меморандумга кол коюшкан, ага ылайык алар мыйзам чегинде гана иш алып барууга, бири-бирине, анын ичинде социалдык тармактар ​​аркылуу “кара пиарды” колдонбоого, добуштарды сатып алуудан жана шайлоочулардын добушун алуу үчүн административдик ресурсту колдонуудан баш тартууга ж.б. милдеттенишкен.

БШКда белгилегендей, мындай меморандумдарга мурда да кол коюлган, бирок көп учурда айрым талапкерлер тарабынан аткарылбай келген. Азыркы шайлоодо талапкерлер тарабынан айтылган милдеттенмелер негизинен аткарыла баштагындыгы байкалууда. БШК талапкерлерди мындан ары да мыйзам так сактоого чакырат жана талапкерлер арасында таза атаандаштык болот деп үмүттөнөт.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси 21-апрелден кийин жарыяланат. Андан кийин ар бир шайлоочуга билдирүү – алар добуш бере турган шайлоо участогунун дареги жана талапкерлер тууралуу маалымат көрсөтүлгөн чакыруу жѳнѳтүлѳт.

28-апрелге дайындалган мөөнөтүнөн мурда ѳтүүчү шайлоолор тууралуу шайлоочуларды максималдуу түрдө кабардар кылуу үчүн БШК тарабынан шайлоого активдүү катышууга жана жарандык позициясын билдирүүгө чакырыктар менен видеоматериалдар жана СМС билдирүүлөр даярдалды.

 

БШКнын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>