КР БШКнын 2024-жылы 18-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18 апреля 2024
Өткөрүү датасы: 18 апрель 2024-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Руслан Номанович Маматовдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кочкор, Токтогул, Аксы, Ноокат, Өзгөн, Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Сезим» майыптар коому коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Таалайбеков М.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча арыздарды жана даттанууларды, маалымат маселелерин жана үгүт эрежелерин кароо боюнча ЫЧКТнын жана жумушчу топтун маалыматы жөнүндө)