Башкы Жаңылыктар КР БШК майыптыгы бар шайлоочулар үчүн шайлоо процессин …

КР БШК майыптыгы бар шайлоочулар үчүн шайлоо процессин координациялоону жакшыртуу жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жумушчу кеңешме өткѳрдү

09-Апр, 2024

2024-жылдын 8-апрелинен 9-апрелине чейин Баткен облусунун Баткен, Ош жана Ош облусунун Кара-Суу шаарларында майыптыгы бар шайлоочулар үчүн шайлоо процессин координациялоону жакшыртуу жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу максатында жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Жумушчу кеңешмеге жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, прокуратура, билим берүү мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, саламаттыкты сактоо, архитектура жана шаар куруу мекемелеринин башчылары катышты.

Чогулгандарга шайлоо участкаларын майыптыгы бар шайлоочулар үчүн жеткиликтүү кылуу жана алардын негизги муктаждыктарын аныктоо боюнча негизги учурлар көрсөтүлдү.

КР БШКнын мүчөсү А.К. Жумалиева майыптыгы бар шайлоочулар үчүн инклюзивдик чөйрөнү камсыз кылуу, анын ичинде өлкөнүн саясий турмушуна бирдей жана инклюзивдүү катышууну камсыз кылуу көз карашынан алганда бул жагдай өтө маанилүү экенин белгиледи.

Саясий турмушка жана шайлоого катышууга болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча этаптуу чаралар көрүлүүдө. Алмаштыруучу ыкмадан майыптыгы бар адамдардын добуш берүү жайларында шайлоого түздөн-түз катышуусуна жана бардык жарандар сыяктуу эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бирдей укуктарга ээ болушуна өтүүсү КР БШКнын негизги багыты болуп саналат. Коомдун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде майыптыгы бар жарандарды камтымайынча күчтүү коом болушу мүмкүн эмес. Демократиялык коомдо ар бир адамдын үнүнүн угулуп турушу абдан маанилүү.

Катышуучулар майыптыгы бар шайлоочулар үчүн шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормалары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул багыттагы функциялары менен таанышты. Ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан толтурула турган керектѳѳ картасынын формасы көрсөтүлдү. Керектөөлөр картасы ар бир конкреттүү участок боюнча майыптыгы бар шайлоочулардын негизги муктаждыктарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле тиешелүү шайлоо округундагы шайлоо участокторунун курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык келе тургандыгын текшерүү жана баа берүү да жүргүзүлдү.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине орнотулган пандустарды курулуш нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле бардык шайлоо участкаларын пандустар менен жабдуу боюнча тапшырмалар берилди. Шайлоо комиссияларынын талабы боюнча аларды бардык зарыл материалдар жана жабдуулар менен камсыз кылуу, прокуратура органдарынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарынын жер-жерлерде аткарылышын көзөмөлдөѳсү белгиленди.

Ошону менен бирге, комиссиялык мүнѳздѳ тиешелүү шайлоо округдарындагы шайлоо участкаларында, алардын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыгы боюнча жеринде мониторинг жүргүзүлүдү.

КР БШК мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракетте шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүнө жетишүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдѳ.

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>