КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт

10 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктайт.
 

Жаркын Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аяктагандыгын билдирип, жакшылык менен кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат! Рамазан – тазалануунун, тобо кылуунун, бири-бирине кечиримдүү болуунун, айкөлдүктүн жана мээримдүүлүктүн айы.
 

Кыргызстанда ар дайым бакыт жана береке болуп, үй-бүлөдө ырыс жылоолосун! Коомубузда биримдик, тынчтык, ынтымак чыңдала берсин!
 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мекендештерибизге чың ден соолук жана жеке иштеринде ийгиликтерди каалайт!