№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
09 апреля 2024
2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү катталды.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ильичбек Салыевич Эргешовдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ 2024-жылдын 9-апрелиндеги арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:
1. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Ильичбек Салыевич Эргешовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Апиев Руслан Касымалиевич шайлоо маселелери боюнча;
- Топчубаева Бактыгул Амановна финансы маселелери боюнча.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.