КР БШКнын 2024-жылы 9-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09 апреля 2024
Өткөрүү датасы: 9- апрель 2024-ж.
Убактысы: 14-30.
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Р.К. Апиевди жана Б.А. Топчубаеваны №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ильичбек Салыевич Эргешовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер