КР БШК жамааты ишембиликке катышты

06 апреля 2024

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Бишкек шаарында ишембилик өткөрүштү.

Тазалоо иши Абдрахманов кѳчѳсүнѳн Тоголок Молдо кѳчѳсүнө чейин  Чоң-Чүй каналын бойлото түштүк тарабында атайын бѳлүнгѳн тилкеде жүргүзүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө бѳлүнгѳн жер катуу жана башка таштандылардан тазаланды. Ошентип  БШКнын жамааты өлкөдөгү туруктуу тазалыкты сактоо боюнча иштерге ѳз салымын кошууда.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ушул эки айлыкка ылайык, бардык мамлекеттик мекемелер жума сайын тазалоо иштерин жүргүзүүсү зарыл.

 

Маалыматтык камсыз кылуу сектору