№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенинин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү
05 апреля 2024
№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенинин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү
2024-жылдын 5-апрелинде Кара-Суу шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык позициялар төмөнкүдөй аныкталды:
- Ажимаматов Сталбек Асанович
- Бакир Бакытбек
- Эргешов Толкун Турдукулович
- Курбанов Раимжан Рахманович
- Мамазакиров Рустам Умарович
- Бадалов Ганишер Абдуллаевич
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович
- Джунусов Амирбек Абдалинович
- Орунбаев Турдубек Дуйшонович
- Маматов Руслан Номанович
- Давлянов Дамирбек Тайырбекович