Бир мандаттуу үч шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

28 марта 2024

2024-жылдын 28-мартында саат 24.00дө №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары үч шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин блидирип 42 жаран арыз берген.

 

2024-жылдын 28-мартынын 24:00 саатына карата шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин төмөндөгүлөр билдиришкен:

- №2 Баткен округу боюнча - 12 талапкер,

- №9 Кара-Суу округу боюнча - 12 талапкер,

- №7 Ош округу боюнча - 18 талапкер, анын ичинен 2 аял

 

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 31-мартында саат 18:00дөн кечиктирбестен талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтердин толук пакетин бериши керек:

- шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

- жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- иштеген же окуган жеринен маалымкат;

- бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.

 

БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 8-апрелине чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.

 

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, 2024-жылдын 8-апрелинен тартып эң активдүү этап - шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8:00дө аяктайт.