КР БШКнын 2024-жылы 27-мартында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
27 марта 2024
Өткөрүү датасы: 2024-ж. 27-марты
Убактысы: 14-00.
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Алымбеков А. Т., пресс-катчы)
2. «Ишеним» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Алимжан уулу Санжарды чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Араван, Ноокен, Аксы, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Авазбек Абибулаевич Абдугапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Раимжан Рахманович Курбановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер