Башкы Жаңылыктар №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир …

№2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жмка жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 26-мартына чейин болот

25-Мар, 2024

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын өкүлдөрү!

 

КР БШК 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алууда.

Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүүгө багытталган. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүшү керек.

Телекөрсөтүү же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо күнүнө 6 ай калганга чейин алып жаткан баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо өнөктүгүнө катышуу боюнча каалоосун билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 26-мартын кошуп алганга чейин белгиленген мөөнөттө БШКга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

- шайлоо өнөктүгүнө катышууга даяр экендиги жөнүндө билдирмени, мында жетекчинин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланышуу даректерин көрсөтүү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсү (онлайн басылмалар үчүн);

- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;

- уставдын көчүрмөсү (бар болсо);

- эфир убактысы, басма аянты же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалымат.

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар билдирмеде камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн электрондук дарегине (pr.shailoo@gmail.com) жөнөтүшөт.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>