Борбордук шайлоо комиссиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү

25 марта 2024

       Бүгүн, 2024-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

       Жумушчу топтун жыйынында КР БШКнын  стратегиялык планынын максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен иштелип чыккан 2024-2027-жылдарга  аракеттердин  планы талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө мыйзамдарды өркүндөтүү, пандустардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана сапатын жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруудагы потенциалын жогорулатуу, маалымат жана жарандык билим берүүнүн жаңы форматтарын колдонуу аркылуу маалымдуулукту жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды. 2024-2027-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоору жумушчу топтун мүчөлөрүнөн түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жумушчу топ тарабынан кабыл алынды.

         Ошондой эле жыйында 2023-жылга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча аракеттердин  планына ылайык аткарылып жаткан иш-чаралар айтылды. Жумушчу топтун жетекчиси А.К. Жумалиева  тарабынан  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу жана алардын шайлоо процессине катышуусун кеңейтүү боюнча туруктуу чараларды көрүп жаткандыгы белгиленилди. Күчтүү коом анын бардык мүчөлөрүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды камтымайынча кубаттуу боло албайт. Демократиялык коомдо ар бир адамдын үнүн уга билүү абдан маанилүү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, добуш берүү жана шайлануу, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу маселелери абдан маанилүү, ошондуктан  жумушчу топ мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракетте жогоруда аталган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл чараларды көрүүсү абзел.