Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө …

Кыргызстандын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда

17-Мар, 2024

2024-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова башчылык кылган БШКнын мүчөлөрү И.Гайпкулов, А.Жумалиева, У.Жылкыбаев жана БШКнын аппаратынын кызматкерлеринен турган БШКнын делегациясы Россия Федерациясынын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгѳ катышты.

КМШнын байкоочулар миссиясынын тизмесине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү киргизилген, алар Кыргыз Республикасынын шаарларында (Бишкек, Ош, Кант, Каракол) жайгашкан шайлоо участкаларында байкоо жүргүзмѳкчү, ошондой эле Россия Федерациясынын Екатеринбург, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск шаарларындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана Башкы консулдугунун кызматкерлери киргизилген.

КМШ, ШКУ, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын көп тараптуу миссияларынын курамында мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынан байкоочулар жөнөтүлдү.

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан электрондук добуш берүү (АЭДБ) үчүн шифрлөөчү ачкычтарын жети бөлүккө бөлүү жол-жобосун жүргүздү, алар беш парламенттик партиянын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди, бир бөлүгү АЭДБ АШКда калтырылды, бирөөсү Россиянын БШКсына өткөрүлүп берилди. АЭДБ уюлдук телефон, планшет, персоналдык компьютер аркылуу атайын программалык камсыз кылуунун жардамы менен кагаз түрүрндѳгү бюллетенди колдонбостон добуш берүүгө мүмкүндүк берет. Мындай жол-жобо санариптик добуш берүүнүн анонимдүүлүгүн жана коопсуздугун кепилдейт.

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Е.Памфилова мындай масштабда АЭДБди биринчи жолу өткөрүүгө мүмкүн болгонун белгиледи. Потенциалдуу түрдө 38 миллионго жакын шайлоочу добуш берүүгѳ мүмкүн болсо, 5 миллион адам арыз берген.

Шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы менен Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Е.Памфилованын жолугушуусу болду. Жыйында шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоого катышуусу, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу боюнча маселелер талкууланды.

Байкоочулар добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү иштеринин алкагында мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча бир катар шайлоо участкаларында болушуп, добуш берүү күнүнүн алдында шайлоо участкаларын ачууга катышты.

Россия Федерациясынын Президенттин кезектеги шайлоого байкоо жүргүзүүгө Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Пакистан, Намибия, Конго жана Бангладештин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышууда. Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнѳнүн 106 өлкөсүнѳн 706 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

 

Маалымат иретинде:

Россия Федерациясынын Конституциясына ылайык, Россия Федерациясынын Президенти алты жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам Россия Федерациясынын Президентинин кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

2023-жылдын 7-декабрында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши Россия Федерациясынын Президентин шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнү үч күн катары менен – 2024-жылдын 15, 16 жана 17-мартында өткөрүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган.

Россия Федерациясынын аймагындагы шайлоочулардын саны - 112 309 947, Байконур шаарында - 11 924, Россия Федерациясынан тышкары - 1 890 863 түзѳт.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Россия Федерациясынын субъекттеринин 89 шайлоо комиссиялары, 3 миңге жакын АШКлар, 94 миңден ашык УШКлар, Россия Федерациясынын аймагынан тышкары уюштурулган 300гө жакын УШКлар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Россия Федерациясынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жалпы саны:

1. Даванков Владислав Андреевич – «ЖАҢЫ ЭЛ» саясий партиясынан талапкер;

2. Путин Владимир Владимирович – өзүн өзү көрсөткөн талапкер;

3. Слуцкий Леонид Эдуардович – “ЛДПР саясий партиясы – Россиянын либералдык-демократиялык партиясы” партиясынан талапкер;

4. Харитонов Николай Михайлович – – «Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясы» саясий партиясынан талапкер.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>