№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2024-жылдын 18-мартына чейин шайлоо участокторуна илинет

15 марта 2024

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүүминистрлигинин (мындан ары - СӨМ), (калкты каттоочөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталына “Тизме": шилтеме - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмелери 2024-жылдын 18-мартына чейин 55 шайлоо участкасына илинет.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 125 186 , анын ичинен - 58 568 эркектер жана 66 618 аялдар же 46,78% и 53,22%.

Урматтуу шайлоочулар!

2024-жылдын 18-мартынан тартып 17-апрелине чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
«tizme.gov.kg» сайтында;
шайлоо участогунда;
өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2024-жылдын 17-апрелине чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.