Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын бекитти

15 марта 2024

КР БШК 2024-жылдын 14-мартындагы жыйналышында 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.
 

Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, “№ 7 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында кабыл алынды.

 

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча календардык пландын негизги этаптары:

 

Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо

 

- шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2024-жылдын 18- мартына чейин;

 

- шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2024-жылдын 8-апрелине чейин;

 

- шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) – 2024-жылдын 18-мартынан 17-апрелине чейин (кошуп алганда);

 

- шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү – 2024-жылдын 23-апрелине чейин;

 

- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү – 2024-жылдын 28-мартына чейин (кошуп алганда);

 

- КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо –2024-жылдын 8-апрелине чейин.

 

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2024-жылдын 8-майынан тартып 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8.00гө чейин;

 

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – 2024-жылдын 27-апрелинде саат 8.00дөн 20.00гө чейин;

 

- добуш берүүнү күнү – 2024-жылдын 28-апрель, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;

 

- шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2023-жылдын 12-майына чейин.
 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү